Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Чүй облусуЖайыл району 02.07.2018 13:02

Айыл турмушу: Ырчы Сүйер Жеңиш шоу-бизнеске кирүү үчүн чет өлкөдө иштеп, каражат чогултууда (фото)

Turmush -  1994-жылы Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында төрөлгөн Сүйер Жеңиш окуп жүргөн кезинен тартып ыр жазып, сүрөт тартып, жакшы да ырдайт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, 2012-жылы Суусамыр орто мектебин бүтүрүп, Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин аяктаган.

«Балалыктын таттуу күндөрүн Суусамырда ат минип өткөрдүм десем жаңылбайм. Ыр жазууга, сүрөт тартууга бала чагымдан, окуучулук күндөрдөн тартып кызыгуу башталган. Окуп жүргөн кезимде эле айылыбыздагы ар кандай кароо-сынак, концерттерден калчу эмесмин. Менин бир тууган агам да ырчылыкка кызыгып, бирок кийинчирээк ырчылыгын токтотуп, ишкерликке кетип калган. Ал менин кызыгуумду көрүп "сен ырда, мен колдойм" деп айтты. Ошондон улам менин ыр жазып, ырдап калышыма ушул байкем да себеп болуп калды. Өзүм Элмирбек Иманалиев агабыздын ырларын, обондорун жактырып, чыгармачылыгын баалайм», - деди ал.

Сүйер Жеңиш 10-класста окуп жүргөндө «Карындаш» деген ыр чыгарып, кийин ага обон жараткан.

«Бирок эл алдына чыгара элекмин, кудай буюрса жакын арада чыгат. Эргүү ар бир адамга ар башкача келсе керек, мага көбүнчө жалгыз отурганда келет. Келечекте кудай буюрса кыргыз элимдин жүрөгүнөн түнөк тапкан мыкты чыгармаларды жаратсам дейм.

Мектепте алдыңкы окуучу эмес элем, бирок иш-чаралардан калчу эмесмин. Сүрөт тартканга да абдан кызыгам. "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" деген макал бар эмеспи, андыктан жигитке кандай өнөр тиешелүү болсо, анын баары колумдан келерине ишенем.

Учурда чет өлкөдөмүн, бир аз иштеп алып, чыгармачылыкка толук кандуу киришейин деген жакшы пландарым бар. Ата-энем Суусамыр айылында турушат. 5 бир тууганмын, эки эжем, байкем жана иним бар», - деди ал.

Сүйер Жеңиш: «Көп эле кызыктуу окуялар болду. Бир жолу тойдо мага ыр кезеги келип, тамада чакырып калды. Мен "азыр өзүмдүн чыгармамдан аткарып берейин" деп ырдайын десем, музыкант бала адашып Расул Маматкуловдун "От болдум" деген ырынын музыкасын коюп алды. Эл алдында айла жок ушул ырды аткарганга туура келди. Негизи "Эркесиң" аттуу чыгармамды аткармакмын. Кээ бир досторум азыркыга чейин бул чыгарма сеникиби деп күлүп калышат. Мындай окуялар көп кездешет», - деди ал.

Карындаш

Узарткан сымал өмүрдү,
Карындаш бийлейт көңүлдү.
Асыл бир баага теңебейм,
Сүйкүмдү сулуу өзүңдү.

Кайырма:

Ажарлуусуң карындаш,
Ашыгып сүйгөн жаңылбас.
Кыдырып дүйнө кезсем да,
Карындаш сендей табылбас.

Эркесин

Мончок шуру көздөрүңдөн айланам,
Мөлтүрөгөн чырайыңда жайнаган.
Тиктеп калсаң көздөрүңө камалып,
Күлүп койсоң эркем сага арбалам.

Кайырма:

Сагынычым сага артылып,
Ой-санаа менен күтөм ашыгып.
Сени издейм түндө жылдыздан,
Көрүнбөйсүң менден жашынып.
Изиңди калтырбай артыңа,
Издеттиң жүрөктү сагынта.
Эрке мүнөз сенин кыялың,
Мени салат өрттөп жалынга.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×