Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн айымдары сулуулук салонго канча каражат коротот? (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 24 жаштагы тургуну Нуркыз Еркеева салондордун биринде чачтарач болуп эмгектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Кыргызстан эл аралык университетинде билим алып, котормочу кесибине ээ болгон. Эне тилинен башка орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөйт. Учурда шаардагы сулуулук салондордун биринде универсал чачтарач болуп эмгектенет жана бул жаатта 5 жылдык тажрыйбасы бар.

«Биздин жумуш башка адамдарга оңой көрүнгөнү менен анын дагы кыйынчылыктары бар. Мен мырзалардын, айымдардын да чачтарын кыркып, жасалгалап берем. Биздин иш сезон менен болот. Күзүндө тойлор көп болгондуктан, ошол убакта кардарлар көп болот. Тапкан кирешемди өзүмө, бир туугандарыма, ата-энеме жумшайм», - деди ал.

Анын айтымында, чачтарач кесибин үйрөнүүгө ата-энеси түрткү болгон.

«Чачтарачтын окуусун окуп алсаң, өзүң үчүн керек деп ата-энем айтканынан окуп калдым. Бишкекте сулуулук салондо иштеп жүргөндө болгон бир окуя эч эсимден кетпейт. Бир жолу сүрдүү көрүнгөн бир киши чачын алдыруу үчүн салонго кирип калды. Көрсө ал киши дипломат болуп иштейт экен. Өзү көп дагы сүйлөйт экен. Башында чачын жакшы эле алып жаткам. Бир маалда анын сөзүнө алаксып кетип, чач алган машинанын сабын алмаштырып алганымды байкабай калыптырмын. Бүтөйүн деп калганда так маңдайын таз кылып кыркып алып, жаман абалда калдым. Ал киши ордунан чочуп туруп, «эмне кылдың?!» деди. Бирок мен сөзгө алаксып кеткенимди айтып, кечирим сурадым. Аягында ал киши абалды түшүнүп, акчасын ашыгы менен төлөп, ыраазычылык билдирип кетти. Ошол байкенин абалын азыркыга чейин эстеп күлүп калам», - дейт ал.

Н.Еркееванын айтуусунда, ал Кара-Көлдүн айымдары тойго барарда ал иштеген салонго келишет.

«Биздин айымдар сулуулук салонго кирип, 2000 сомдун тегерегинде акча сарптап кетишет. Мисалы, тойлорго барганда 800-1200 сомго чейин чачын жасатышат, тырмагын жасоого 150-400 сом, макияж кылууга 400-500 сом төлөшөт. Мындан сырткары кирпик, каш жасалгалары да бар. Ошондой эле тойго өзүнчө көйнөк кийишет, чач жасалгасына жараша 700-2500 сомго чейинки таажыларды тагынышат. Ошентип бир кечеге баруу үчүн 4000-5000 сомго чейин акча коротушат. Биздин айымдар өздөрүнө жакшы кам көрүшөт, дайыма келген кардарларым бар.

Ал эми мырзалар чачын кырктырууга 150 сом төлөшөт. Мындан сырткары кичинекей балдар дагы чачтарын кооздоп кырктырууну жактырышат», - деди чачтарач.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1193
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×