Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 02.07.2018 09:59 Жаңыланды: 18.07.2018 08:10

Айыл турмушу: Ала-букалык мугалим Э.Сатишов жыгачтан идиш-аяктарды жасап, чет элдик туристтерге сатат (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун тургуну, мугалим Эргешбай Сатишов жыгачтан ар кандай азем белектерди, идиш-аяктарды жасоо менен кошумча киреше табууда. Элеттик кол өнөрчү менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал №11 Р.Кулуев атындагы мектепте химия, математика сабактарынан мугалим болуп иштейт.

«Акыркы 10 жылдан бери жыгачтардын кесиндилерин топтоп, алардан ар кандай азем белектерди жасоо менен алектенем. Бир буюмду жасоого 3 күндөн бир жумага чейин убакыт кетет. Ага керектеле турган жыгачтарды өзүм тандап алам. Мисалы, көп учурда үй-бүлөм менен жаратылышка эс алууга барганда сөзсүз жыгачтарды таап келем. Алардан азем белектерди жана кашык, чөмүч сыяктуу идиш-аяктарды жасап, сатыкка коём», - дейт ал.

Э.Сатишов устачылык кесип атасынан өткөнүн кошумчалады.

«Мен кичинекей кезимде үйдө атамдын чакан устаканасы бар болчу. Атам ошол жерден чыкпай, жыгачтан ар кандай буюмдарды жасачу. Атамдын бул өнөрүн калтырбай, улантууну чечтим.

Мен алгач комуз, ээр токум сыяктуу буюмдарды жасачумун. Кийинчерээк жыгачтан кашыктарды жана айры, чөмүчтөрдү жасай баштадым. Бул эмгектеримди көбүнчө районго келген чет элдик туристтер сатып алып кетишет», - дейт кол өнөрчү.

Ошондой эле ал чакан устакана ачууну пландап жатканын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×