Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Ош облусу, Ош 02.07.2018 09:24 На русском

Ич кийимдерди жарнамалабайм жана модель кызга үйлөнбөйм, - Оштогу саналуу моделдердин бири Дилмурат (фото)

Turmush -  Учурда Ош шаарында моделдик кесипти аркалаган саналуу гана мырзалар бар. Бирок шаарда моделдик агенттиктер жокко эсе. Буга байланыштуу модель мырзалар сунуштар менен гана иштешет.

Алардын бири Дилмурат Турсунбаев учурда 19 жашта, Кара-Суу районунун Тельман айылынын тургуну. Үй-бүлөдө төрт кыздан кийинки кенже уул экенин аймактык кабарчы менен таанышканда билдирди. Ал эми жеке модель болуп иштеп баштаганына 4 ай убакыт болгон.

«Ата-энем соода тармагында иштешет. Менин тандоомо кеңештерин гана айтып, колдоп турушат. Өзүмдүн финансы тармагында орто билимим бар. Буга чейин мырзалар арасындагы ар түрдүү сынактарга катышып, алдыңкы орундарды алдым. Алардын айрымдарын ата-энем да билбей калышат», - деди Дилмурат.

Ал буга чейин моделдик тармакка кызыккан эмес.

«Боюм 1,82 метр болгондуктан мага сүрөтчүлөр модель болууну сунушташкан. Учурда мырзалар үчүн кийимдер сатылган, костюмдарды ижарага берген дүкөндөр менен иштешем. Азырынча акыга эмес, атым үчүн иштеп жатам. Кайсы кийимди жарнамалап берсем, ошону белекке беришет.

Модель мырзалар булчуңдар үчүн атайын каражаттарды ичишет. Бирок менин боюм узун болгондуктан андай каражатты колдонуу зарыл эмес. Элдер буларда өң-келбет эле бар деши мүмкүн. Бирок жөнөкөй эле мырза менен моделди салыштырса интеллектуалдык, логикалык тараптан моделдер күчтүү келет. Моделдер — маданияттуу мырзалар», - деген Дилмураттын пикиринде бул кесип менен Кыргызстанда 30 жашка чейин иштесе болот.

«Июль айында “Мистер Кыргызстан” сынагына катышууга барам. Эгер жеңсем дүйнөгө чыгууга жол ачылмак. Журналдын алгачкы бетинде сүрөтүм турушун каалайм, бирок үйүмө өзүмдүн сүрөттөрүмдү чаптабайм. Ошондой эле ич кийимдерди миллион акча берсе да жарнамалабайм. Бул менин моделдик кесиптин алгачкы тепкичинде өзүмө берген убадам. Ошондой эле модель кызга үйлөнбөйм», - деди Дилмурат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×