Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Нарын облусу 02.07.2018 23:29

Айыл турмушу: Жаш дарыгер Айбек Манапбаев биринчи жолу операция жасаганда бейтапты үйүнөн чыкпай караган (фото)

Turmush -  Нарындык жаш дарыгер Айбек Манапбаев 21 жашынан тарта, тактап айтканда 10 жылдан бери медицина тармагында эмгектенип келет. Ал өтө жоопкерчиликтүү жумушу, үй-бүлөсү туурасында аймактык кабарчыга айтып берди.

А.Манапбаев 1987-жылы Ат-Башы районунун Ак-Жар айлында төрөлгөн. Өзүнүн айтымында, бул кесипти дарыгерлерди көрүп жүрүп тандаган. Балалык кыялына жетип, травматолог-ортопед дарыгери болуп чыкты. Учурда ал Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын травматология бөлүмүндө травматолог-ортопед болуп эмгектенет.

«Мектепти 2005-жылы бүтүп, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына бардым. Ал жерде дарылоо факультетин 2012-жылы аяктап, 2012-2014-жылга чейин Жалдагы ооруканада ординатурадан өткөм. Ошол эле жерде 2008-2014-жылга чейин иштедим. 2014-жылы депозит программасы менен Ат-Башыда 6 ай иштеп, андан кийин Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын травматология бөлүмүнө келгем. Бул жакта травматолог-ортопед болуп эмгектенип жатам. Жалпы медицина тармагында эмгектенгениме 10 жылдан ашты», - деди дарыгер.

Жаш дарыгер белгилегендей, анын жумушунда, кесиптештеринин арасында бейтаптын көзү өтүп кеткенде чоң өкүнүч болот.

«Медицина эң чоң жоопкерчиликти талап кылат, кесиптердин эң туу чокусу десем да болот. Өкүнгөн учурлар болот, айрыкча жаш балдарды же айрым бейтаптарды сактай албай калып, адамдын көзү өтүп баратканын көргөңдө өкүнөбүз. Биздин бөлүм өтө оор, күйүк, сыныктар көп келет. Көз алдыңда бейтапта жылыш болуп, жылмайып туганы абдан жакшы», - деп кошумчалады.

Дарыгер эң алгачкы жолу операция жасаган бейтаптын үйүнөн чыкпай, сакайганча жанында болгон.

«Жалда иштеп жүргөндө, тактап айтканда 4-курста дарыгерлер жок кезде мен дарыгермин деп бир бейтапты отургузгам (обрезание). Эң биринчи операциям болгондуктан бейтаптын үйүндө жүргөм. Ал бейтаптын абалы жакшы болду, ошол эсимден кетпейт (күлүп)», - деди А.Манапбаев.

Ал дарыгерлердин аппак, жумшак колдоруна суктанып жүрүп бул кесипти тандаган.

«Мен жайлоодо чоңоюп калдым. Ал убакта бизге Абыл Чукушов, Накен Касиев деген дарыгерлер эс алууга көп барар эле. Алардын аппак, жумшак колдорун кармалап суктана берчүмүн. Кийин ошол адамдардай болсом деген максатыма жеттим десем болот», - деди дарыгер.

А.Манапбаев үй-бүлөлүү, 3 кызы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×