Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Талас облусу, Талас 30.06.2018 15:30 Жаңыланды: 02.07.2018 18:24

Айыл турмушу: Өзбекстандан Чүйгө көчүп келген Салима айым жолдошуна кошулуп дубал тургузуп, курулушта иштеп келет (видео)

Turmush -  Өзбекстандан Кыргызстанга көчүп келген жубайлар — Абдухошим Мирзамиддинов менен Салима Мусаева курулушта иштеп киреше табышат. Аймактык кабарчы жубайлардан кабар алды.

Салима айымдын айтымында, 1980-жылы Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу Ахунбабаев районунда төрөлгөн. Жолдошу учурда 41 жашта.

«Биздин ата-тегибиз кыргыз, тейит уруусунан болобуз. Үй куруп иштеп жатканыбызга 15 жылдын жүзү болду. Жолдушум экөөбүздүн баш кошуп калуубузга кайын энем түрткү болгон. Биз өз мекенибиз Кыргызстанга 2005-жылы көчүп келдик. Жолдошум уста, колунан бардык иш келет. Жолдошума жардам берип жүрүп устачылыкты үйрөнүп кеттим. Алгач кыйналган учурлар көп эле болду. Ал менен бирге курулушта иштеп жатканыма 8 жыл толду. Башында бардыгы «аял кишиге оор жумуш, кыйналасың» деп каршы болгон. Оңой жумуш жок экенин айтып, үйдө бош отурбай, жолдошума жардам берип келем», - деди ал.

Жубайлар учурда Талас облусунда курулушта иштеп жатышат.

«Биз 5 объект — 2 там жана 3 сарай куруп жатабыз. 1 сарайды 10 күндө бүтүрөбүз. Жолдошум экөөбүз 1 айда 70 миң сомго чейин табабыз. Айыл эли менин иштеп жатканымды көрүп, таң калышууда. Бир жигит келип, «эже мен мындай кара жумушта иштей албайм» деп күлүп кетти. Жумуш оор, бирок кыйналбай жашоо үчүн иштөө керек. Курулуштун бардык түрүндө иштейбиз. Тамак-аш менен үй курдуруп жаткандар камсыздайт. Өзүмдүн жумушум жагат.

Балдарымдын улуусу 5-класс, ортончусу 3-класста, кичүүсү 1-класста окуп жатат. Өзүбүз Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айылында жашайбыз», - деди ал.

С.Мусаева 1 уул жана 2 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×