Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Чүй облусуЖайыл району 30.06.2018 15:11

Суусамырдын Кызыл-Ой айылында биринчи жолу футбол боюнча турнир өттү (видео, фото)

Turmush -  Суусамыр өрөөнүндөгү Кызыл-Ой айылында биринчи жолу футбол боюнча «Ынтымак кубогу» деп аталган турнир болуп өттү. Турнирге улуу, орто жана кичүү муундагы оюнчулар катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга уюштуруучу Солтон Кулназаров айтып берди.

«Бул турнирди бири-бирибизди унутуп калбай, ынтымактуу болуп, жаштар бизди, биз жаштарды таанып жүрөлү деген ойдо Ырыс Керимбеков экөөбүз уюштурганбыз. Дагы бир себеби, буга чейин Кызыл-Ой айылында футбол мелдеши болгон эмес. Быйыл биринчи жолу ойнотулуп жатат. Өзүбүз дагы жер-жерлерде футболду кызыгуу менен ойноп келебиз. Бул турнирге жалпы 30 миң сом акча сарпталды. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык, грамота жана кубогу тапшырылды. Турнирге кеткен каражат өзүбүздүн чөнтөгүбүздөн чыккан жок. Быйылкы бүтүрүүчүлөр жана мектепти мурун бүтүп кеткен балдар 1000 сомдон чогулттук.

Кудай буюрса кийинки жылы мындан дагы чоң байге сайып, көп адамдарды чакырып өткөрөлү деген ойдобуз», - деди ал.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×