Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуАлай району 30.06.2018 22:15

Алай жана Чоң-Алайда 12 жайлоо бала бакчасы ачылды (фото)

Turmush -  Быйыл Алай районунда 5 жайлоо бала бакчасы ачылды. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу-методикалык кабинетинин усулчусу Салима Абдрахманова билдирди.

Анын айтымында, район боюнча Гүлчө, Ленин, Алай, Кабылан-Көл, Сары-Могол айыл өкмөттөрүдө жайлоо бала бакчалары иштеп баштады. Жаш жеткинчектерге жайлоо бала бакчаларында эс алуу менен бирге сабактар да өтүлүп жатат.

Ал эми Чоң-Алай районунун социалдык секторунун жетектөөчү адиси Сапура Мамытова билдиргендей, райондо жалпы 7 жайлоо бала бакчасы уюштурулуп, 150 бала тарбияланууда.

«Кашка-Суу, Кабык, Жаш-Тилек, Кара-Мык, Дароот-Коргон, Кызыл-Эшме, Жайылма айылдарынын жайлоолорунда жайлоо бала бакчалары уюштурулду. Буга чейин бизге жайлоо бала бакчалары үчүн бейөкмөт уюмдар тарабынан 5 боз үй, демөөрчүлөр тарабынан 2 боз үй алынып берилген. Учурда 7 боз үйдө балдар күндүз окуп жатышат. Ар бир боз үйдө 20-30дан бала окуйт. Алар жайкы эс алуу менен бирге мектепке даярданышат. Балдар күнүнө 3 саат билим алышат», - деди С. Мамытова.

Быйыл Өзгөн районунда бир дагы жайлоо бала бакчасы уюштурулган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×