Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Талас облусу, Талас 30.06.2018 13:55

Фото — Белгилүү ырчы Самара Каримова Талас облусун кыдырып, концерт тартуулады

Turmush -  Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Талас облусун кыдырып, концерт коюп келди. Ырчынын концерти 25-июнда башталып, 28-июнда жыйынтыкталды.

Концерт Манас айылында, Ак-Дөбө айыл аймагында, Бакай-Ата районунун борборунда жана Талас шаарындагы борбордук стадиондо өттү.

Ырчы айымдын айтымында, концертке улуу муундун өкүлдөрү келип, жогорку деңгээлде өткөн. Талас шаарында өткөн концертте өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Муратилиев менен шаардын мэри Айдар Жусупбеков сөз сүйлөп, ырчынын чыгармачылыгына ийгилик каалашты.Самара Каримованы эстрада ырчылары жана бир туугандары — Сагын Каримов менен Уулжан Каримова коштоп барган.

27 жаштагы ырчы айым 2 уул, 1 кыздын апасы. Ал ырчылыктан тышкары спектаклде жана тасмаларда роль жаратып, бир нече сыйлыкка татыган. Акыркы жолу КТРК тарабынан тартылган «Акшоола» сериалында баш каармандын ролун аткарган. Сериал азырынча жарыкка чыга элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×