Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 30.06.2018 12:32

Фото — Ак-Сууда Кыдыр акенин 175 жылдыгына арналган этно фестиваль өтүүдө

Turmush -  Бүгүн, 30-июнда Ак-Суу районунун Кереге-Таш айыл аймагынын Кыдыр аке конушунда Кыдыр акенин 175 жылдыгына арналган «Улуу кыргыз мурасы, Кыдыр аке урпактары» аттуу этно фестивалы өтүүдө, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, фестивалга өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн, Ак-Суу раймамадминистрациясынын өкүлдөрү, Ак-Суу районунун тургундары, туристтер катышууда. Иш-чара Кыдыр акеге арналган театрлаштырылган сценка менен башталып, улуу инсанга арналып куран окутулду. Андан кийин акындардын айтышы болуп, учурда «Кылым карыткан кыргыз кереметтери» аттуу кол өнөрчүлөрдүн райондук көрсөтмөсү өтүүдө. Кереге-Таш айыл айманынын башчысы Жыргал Жумашевдин айтымында, мында кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класс көрсөтүлүп, кыз куумай, улак тартыш сыяктуу ат оюндары болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×