Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Ош облусуНоокат району 29.06.2018 18:03 На русском

Жаныбек Исаев Ноокат РИИБдин башчысы болуп дайындалды

Turmush -  Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп Жаныбек Исаев дайындалды. Жаңы жетекчи бүгүн, 29-июнда жамаат менен таанышканы маалым болду. Бул маалыматты Ош ОИИБден да тастыкташты.

Мурдагы башчы Жигиталы Дубанаев апрель айында кызматынан бошотулган болчу. Ага чейин Ноокат районунун Бостон айылында кызга жолугуу үчүн барган жигиттин сабалышы жана экинчи жигиттин каза болгондугу тууралуу окуянын иликтениши боюнча Ноокат РИИБдин башчысын, Ноокат РИИБдин тергөө кызматынын жетекчисин кызматтан алуу сунушталган эле.

Буга чейин Жаныбек Исаев аталган кызматты убактылуу аткарып келген.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×