Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 29.06.2018 17:33

Ак-талаалык балбан кыз Калмира эркин күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде күч сынашат (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы балбан кыз Калмира Билимбек кызы кадеттер арасында эркин күрөш боюнча күч сынашуу үчүн Хорватия өлкөсүнө барарын машыктыруучу Билимбек Капарбек уулу аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, 2-июлдан 5-июлга чейин эркин күрөш боюнча кадеттер арасында өтө турчу дүйнө биринчилиги үчүн күч сынашууга Калмира катышып, Кыргызстандын намысын талашмакчы. Буга чейин Калмира бир нече жолу эл аралык мелдештерге катышып, алдыңкы орундарды камсыздап, Азиянын чемпиону болууга жетишкен эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×