Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 29.06.2018 16:52

100 миң сомго бааланган шырдак: «Кыргыз шырдагы» фестивалындагы кол өнөрчүлөрдүн өзгөчө эмгектери (фото)

Turmush -  Кечээ, 28-июнда Нарын шаарындагы «Ала-Тоо» стадионунда башталган «Кыргыз шырдагы VIII» эл аралык фестивалы улантылып жатат. Аймактык кабарчы фестивалга шырдак алып келген уз айымдар менен таанышты.

Улуттук фестивалга республиканын 7 облусунан уз айымдар келген. Алардын ар бири өзгөчө жасалган шырдактарды алып келүүгө аракет кылышкан.

Жалал-Абад облусунан келген Зулайка Жумалиева аталган фестивалга үчүнчү ирет катышууда. Буга чейин кызыктыруучу сыйлыктарга гана татып келсе, бул жолу орунга илинем деген үмүттө. Жакшы даярдык менен келген кол өнөрчү өзгөчө делген шырдактарды көргөзмөгө койду.

«Биздин шырдактардын өзгөчөлүгү шоона менен шырылып, баары накта жүндөн жасалганында. Быйыл тегерек шырдак менен келдим. Ошондой эле кошумча 3 шырдак менен катышуудамын. 3 жылдан бери Нарынга келип, фестивалга катышып жатам. Буга чейин орун алган эмесмин», - деди ал.

Нарын районунун Ак-Кудук айыл өкмөтүнөн келген Жеңишгүл Шаршенова шырдакка жаныбардын сүрөтүн түшүргөн.

«Бул шырдакка бугунун сүрөтүн түшүрдүм. Мурда көпөлөктүн элеси түшүрүлгөн шырдакты көрүп, жаныбар кошсо болот экен деп калгам. Ошондон улам жаныбар түшүрдүм. Оюлар окшош болуп көрүнө берет экен. Эми гүл, башка жаныбарларды да түшүрүп жасайын деп жатам. Көргөзмөгө биринчи жолу катышуудамын. Шырдакты сурагандар көп. Аны 25 000 сомго баалап жатам. Шырдактын туурасы 2 метр, узундугу 4 метрди түзөт», - деди ал.

Нурия Темирбекова Ат-Башы районунун Ак-Жар айылынан келген. Ал шырдак фестивалына 85 баш же 6 канат боз үйгө ылайыкталып жасалган шырдак алып келди.

«Тегерек шырдак кыргыз боз үйүнө арналып жасалган. Чоң шырдак болгондуктан көп мээнетти талап кылды. Аны 3 айда 4 адам жасап бүтүрдү. Өңүн кызыл-жашылга боёдук. Шырдакты 100 миң сомго баалап жатабыз», - деди ал.

Ал эми Ат-Башы айылынын тургуну Ишенгүл Тоюмбаева быйыл өзгөчө шырдак жасап келген.

«Былтыр фестивалга барганда шырдактардын бардыгы төрт бурчтуу экен. Быйыл башкалардан өзгөчө болсун деп сүйрү формадагы шырдак жасап келдим. Оюсун аябай кылдат тандадым. Бул шырдакта кыргыздын улуттук оюлары, четине тоо эликтин мүйүзү түшүрүлгөн» - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×