Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Ош облусу, Ош 29.06.2018 16:28

Ош облусунда эне-баланын өлүмү азайды, - министрликтин координатору

Turmush -  Ош облусунда жарандарды медициналык жактан тейлөөнүн сапаты жогорулап, эне-баланын өлүмү азайды. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Ош облусундагы медцина кызматкерлеринин кесиптик майрамында Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош облусу боюнча координатору Элмира Балтабаева билдирди.

Майрамдык салтанатка Ош облусундагы 7 райондон алдыңкы дарыгерлер, медайымдар келишкен. Ак халатчандарды куттуктоо үчүн өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов да катышты.

«Адам өмүрүн сактап калууда сиздердин эмгек зор экенин баса белгилегим келет. Акыркы жылдары мамлекет тарабынан материалдык –техникалык базаны чыңдоого көп аракеттер жасалууда. Райондогу жетекчилерге да ыраазычылык билдирем, ар кандай уюмдар менен биргеликте иш алып барып, материалдык-техникалык базасын бекемдеп жатышат. Баарыңыздарды кесиптик майрамыңыздар менен кызуу куттуктайм», - деди Б.Юсупов.

Медицина тармагында 40 жылдан бери эмгектенип келе жаткан Кочкор Атажанов мамлекеттин колдоосу ар бир кызматкердин ишине дем бере турганын айтты.

«Сыйлыктардын берилиши ар бир кызматкерди шыктандырат. Мен 40 жылдан ашуун медицина жаатында эмгектенип келе жатам. 40 жылдын ичинде көп адамдын оорудан айыгышына себепчи болдук. Биздин эмгегибиз эл үчүн», - деди К.Атажанов.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош облусу боюнча координаторунун айтымында, облус боюнча 14 миң 508 медицина кызматкери бар.

«Урматтуу кесиптештер, сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен саламаттыкты сактоо министринин жана өзүмдүн атымдан куттуктайм. Ардактуу кесиптештер, биздин кесип сабырдуулукту талап кылат. Дабагерлик адамдарга жашоо тартуулаган эң асыл, ардактуу кесип. Ак халатчан дабагерлер илгери үмүттүн, боорукерликтин белгиси. Ден соолук — бакыт, ошол бакытты көп жылдарга сактап калган сиздерсиздер. Адамдарга кылган жылуу мамилеңер дартка даба. Өмүрдү ажалдан арачалап каласыздар. Ар бириңер ишиңердин жоопкерчилигин жогору сезип, берген антыңарга бекем туруп келе жатасыздар. Майрамыңыздар менен», - деди ал.

Ош облусу боюнча жалпы 14 миң 508 медицина кызматкери болсо, анын ичинде 2 миң 227 дабагер, 7 миң 772 орто медициналык кызматкерлер бар. Ал эми 17 дарыгер өлкөнүн эмгек сиңирген дабагери, 830 адам саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери, жетөө медицина илимдеринин доктору жана 42 адам медицина илимдеринин кандидаты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×