Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Баракелде 29.06.2018 14:11

Жогорку Кеңештин депутаттары кайсы жерде эс алышат?

Turmush -  Кечээ, 28-июнда Жогорку Кеңеш төртүнчү сессиядагы ишин аяктады. Депутаттардын эс алууга жана шайлоочулар менен жолугушууга 2 ай убактысы бар.

Айрым эл өкүлдөрү АКИpress агенттигине кантип жана кайсы жерде эс аларын айтып беришти. Алардын бардыгы сөзсүз Ысык-Көлгө бара турганын билдиришти.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков

«Жалал-Абадка баргым келип жатат. Андан кийин аймактарга жана Ысык-Көлгө барам».

thumb_29901_news_cover_photo_slider

Исхак Масалиев («Өнүгүү-Прогресс»)

«Шаардын жанында кичинекей фермердик чарбам бар. Ал жерди кызым карайт. Кызыма жардап берем, ал эми Ысык-Көлгө балдарым жана неберелерим барат. Бул жылы уулум Кыргызстанга келет, ал Шанхайда окуусун аяктап жатат. Кийинчерээк Кадамжайга барып, шайлоочулар менен жолугушуу өткөрөм. Коммунисттердин жетекчиси катары алар менен жолугушам».

Ishak-Masaliev

Сайдулла Нышанов («Ата Мекен»)

«Ысык-Көлгө, ошондой эле региондорго барып, шайлоочулар менен жолугушам».

нышанов

Төрөбай Зулпукаров (КСДП)

«Азырынча кайсы жерде эс ала турганымды пландай элекмин, бирок үй-бүлөлүк пландар бар, аларды аткаруу керек. Аймактардагы шайлоочулар менен жолугушам. Чет өлкөгө чыгууну пландай элекмин, бирок чакыруу түшүп, мүмкүнчүлүк болсо барышым мүмкүн».

torobaj-zulpukarov-580x387

Кенжебек Бокоев («Республика — Ата-Журт»)

«Аймактарга барууну, өзгөчө Талас облусун кыдырууну пландап жатам. Жогорку Кеңештин Ысык-Көлдөгү пансионатына жолдомого буйрутма бердим. Чет өлкөдө эс алган депутаттардын катарына кирбейм».

бокоев

Алмазбек Токторов («Кыргызстан»)

«Аймактардагы шайлоочулар менен жолугушам. Андан кийин 10 күнгө Ысык-Көлгө барам. Үй-бүлөмө убакыт бөлөм».

токторов а

Кожобек Рыспаев (КСДП)

«Чет мамлекетке учкан жакпайт. Өзүмдүн туулган айылыма барам. Өткөн жылы апамдан айрылдым, аш өткөрүп, эстелик тургузам. Ал жактан Ысык-Көлгө барып келем. Калган убакта иштейм».

к.рыспаев

Алмамбет Шыкмаматов («Ата Мекен»)

«Бир ай аймактарда болуп, бир ай Нарында Тянь-Шань тоолорунда эс алам».

IMG_1286

Кубанычбек Нурматов («Кыргызстан»)

«Бир ай шайлоочулар менен жолугуп, жасалган иштерге талдоо жасайбыз. Үй-бүлөм менен Кыргызстандын кооз жерлерине барууга аракет кылам. Бул жылы Таш-Рабат, ошондой эле Ысык-Көлгө барууну пландап жатам. Мындан тышкары Араван районуна Россиянын Ярослав облусунан делегация келүүсү күтүлүүдө. Уюштуруу иштери менен алек болом».

нурматов

Евгения Строкова (КСДП)

«Жумуш көп, толугу менен эс алууга мүмкүнчүлүк болбойт. Ысык-Көлдө жок дегенде 5 күн эс алгым келип жатат. Калган убакытты жумушка бөлүп, шайлоочулар менен жолугушам. Кесиптештеримди сагынам деп эч качан ойлогон эмесмин».

строкова

Искендер Матраимов (КСДП)

«Шайлоочулар менен жолугуп, отчет берем. Эс алууну туулуп өскөн жеримде өткөрүп, ошондой эле кереметтүү Ысык-Көлгө барам».

матраимов

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×