Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Баткен

Баткендеги өрүк сезон: Өрүктүн 10го жакын түрүнөн түшүм жыйноо иштери кызуу жүрүүдө (фото)

Turmush -  Баткен облусундагы 10 миң гектардан ашык аянтта өскөн өрүк бактардан түшүм жыйноо башталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

«Алыш-Дан» кооперативинин жетекчиси Турсунали Төлөмүшевдин айтымында, Баткенде өрүктүн 10го жакын түрү бар. Алардын ичинен сууханы, ак өрүк, исфарак, кандек, ашкана жана курмайы деген өрүктөр көп өстүрүлөт. Эрте бышуучу ашкана өрүгү май айынын аяк ченинде бышып, кургатылбай экспорттолот. Облуста жылына 60 миң тонна өрүк өндүрүлсө, анын 10 тоннасын ашкана же ак өрүк түзөт. Бул сорт Россияга жана Казакстанга жеке ишкерлер тарабынан экспортко чыгат. Курмайы, сууханы жана исфарак өрүктөрү июнь айынын аяктарында быша баштап, күзгө чейин толук жыйналып, базарга чыгат. Жергиликтүү дыйкандардын көбүнчөсү өрүктү алтын күкүрт менен ыштап, сыкмага даярдашат. Андан соң өрүктү (баргек — как) 1 жума күндүн аптабына коюшат. Даяр болгон соң базарга алып чыгышат. Мындай ыкмадагы өрүк кактары арзан бааланат. Анткени бул ЕАЭБдин талаптарына жооп бербейт. Органикалык өрүк өндүрүү облуста эми гана жанданууда.

«Органикалык өрүк өндүрүү ЕАЭБ талаптарына жооп берип, таза продукция алынат. Химикат колдонулбай, экспортко жакшы жол ачылат, кардарлар көбөйөт. Бизде жалаң органикалык түшүм алынат. Бирок сактоочу кампа жоктугунан кыйынчылык жаралып жатат», - деди Төлөмүшев.

Баткендеги жаш ишкерлер ассосиациясынын мүчөсү Бекболот Мадумаров белгилегендей, Баткен өрүгүнүн 90% жергиликтүү дыйкандар тарабынан тажикстандык ишкерлерге сатылып кетет. Анткени облуста кайра иштеп экспортко даярдоочу, таңгактоочу ишкана жетишсиз.

«Биздин көпчүлүк түшүм кошуна Тажикстанга өтөт. Алар бизден алып кайра иштеп өздөрүнүн атынан экспортко чыгарышат. Бизде кайра иштетүүчү ишкана болсо, дыйкандардан алып экспорттомокпуз. Дагы бир көйгөй — кардарлар чоң көлөмдөгү өндүрүштү сунуштайт. Алар сураган көлөмдү жыйнай албайбыз. Анткени алар убактысы менен алып кетишет. Алар алып кеткенче биз сактай турган логистикалык борборлор жок», - деди Мадумаров.

Ошондой эле облуста өндүрүлгөн түшүмдү экспортко чыгарууга атайын лицензиясы жок. Мындан улам да экспорт жанданбай турат. АКШнын жана Европанын өрүк стандарты бар. Ал эми Орто Азияда, Фергана өрөөнүнүн стандартын иштеп 2015-жылы чыгышкан. Бирок бул стандартка ылайыктуу өрүк Баткенде аз өлчөмдө өндүрүлөт.

Баргек кантип жасалат?

Учурда Баткен аймагында өрүктөр бышып, кургатылып жатат. Аймактык кабарчы жергиликтүү багбан Бекжан Орозбековдон өрүк кургатуунун жол-жобосун тактады.

Анын айтымында, өрүк өтө эзилип бышып калганга чейин дарагынан алынышы керек. Антпесе эзилип бышкан өрүктүн көрүнүшү бузулуп, өтүмдүүлүгүн жоготуп калат.

«Өрүк дарактан кагылып алынгандан кийин үкөктөргө салынып, 8-9 саат алтын күкүрт өрүк дарысы менен дымдалып турат. Алтын күкүрт өрүктүн түсүн андан да жакшыртып, күн нуру тийсе дагы түсүн өзгөртпөйт жана курт-кумурскалардан сактайт.

Дымдалган өрүк күн нурунда 3-4 күн жайылып турган соң данегин ажыратып алууга ыңгайлуу болуп, ар бир өрүктүн данеги ажыратылып, баргекке (баргек — данегинен ажыратылган өрүк) айланат», - деди ал.

Баргек күнгө жайылып, качан гана ширеси жок болуп, кургап калган учурда жыйылып алынат. Өрүктүн баргекке эң жарамдуу сорту үч-коргон деп аталат. Өрүктөрдүн курмайы, кандек жана башка сорттору как кылууга жакшы. Өрүктү как кылып кургатууга күндүн нуру гана керектелет. Дарактан кагылып алынгандан тартып эле күн нурунда кургап, даяр болот.

Ошондой эле кургатылбай туруп экспорттолуучу ак өрүк, нишан деп аталган сорттор бар. Булар күнгө жайылса өтө эзилип, түсү начарлап, жарамдуулугун жоготот.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1298
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×