Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 29.06.2018 09:40

«Ас-Салам» фонду бул жолу Аксыдагы муктаж үй-бүлөлөргө 40 саан уй берди (фото)

Turmush -  Аксы районунда колдоого муктаж үй-бүлөлөргө Нурмухамед Миңбаев жетектеген «Ас-Салам» коомдук кайрымдуулук фондунун каржылоосунда 40ка жакын саан уй таратылды. Саан уйлар ээлерине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен аталган коомдук фонддун өкүлдөрүнүн катышуусунда тапшырылган.

«Ас-Салам» фондунун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, өткөн жылы Нарын облусундагы муктаж жашоочуларга 250 баш уй берилген болчу. Бул жылы Жалал-Абад облусундагы муктаж үй-бүлөлөрдү колдоо чечими кабыл алынган. Ал эми колдоого муктаждарды жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тизмелеп берди.

«Саан уйларды атасынан эрте ажыраган жаш балдарга кеңири сүт ичсе деген максатта бердик. Кудай буюрса мындай иш-чаралар өлкө боюнча улантылат.

Бул жолу фонд Аксы районундагы 11 айыл өкмөттүн ар биринен үчтөн кожолукка жана Кербен шаарынан 3 кожолукка экиден саан уй жана бирден кунаажын берди. Кара малдуу болгонуна жетине албай, көзүнө жаш алган үй-бүлөлөр да болду», - деп айтылат билдирүүдө.

Ак-Жол айыл өкмөтүнүн тургуну Нурила Топчубекова саан уйлуу болуп калам деп ойлогон эмес.

«Биз Ак-Жол айыл өкмөтүнөн келдик. Ачыгын айтканда мен үчүн өтө күтүүсүз болду. Көп жылдардан бери айылдагы жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн катарын толуктап келебиз. Турмушубузду жакшырталы деп колдон келишинче жан үрөп иштеп жатабыз. Айыл өкмөт кышкыга отун-суубузду жардам кылып берип турат, ал да жетпейт. Төрт балам бар, балдарыма ырыскы катары берилген саан уйларды буйруса сатпайм. Бул балдарымдын ырыскысы. Бизге окшоп сүт-айранга зар үй-бүлөлөргө көмөк көрсөткөн “Ас-Салам” фондуна рахмат айтабыз», - деди Н.Топчубекова.

«Ас-Салам» коомдук фонду Кыргызстандын аймагында иш жүргүзгөнүнө 6 жылдын жүзү болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×