Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ош облусу 29.06.2018 09:18 Жаңыланды: 29.06.2018 11:10

Ош облусундагы айдоочулардын тең жарымы тамеки чегет, - иликтөө

Turmush -  Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында чылым чегүүнүн алдын алуу максатында райондук ден соолук комитеттеринин арасында сынак жүргүзүлүп, ар бир облустан мыктылар аныкталды. Бул тууралуу республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун түштүк филиалынын жетекчиси Жаннат Муратова билдирди.

Анын айтымында, бир жыл аралыгында өлкөнүн түштүк регионунда тамекинин зыяндуулугу боюнча калктын маалыматтуулугу жогорулаган.

«Бизде райондук ден соолук комитети, айылдык ден соолук комитети бар. Биз Ош, Жалал-Абад, Баткен облусундагы ден соолук комитеттерин толугу менен окуудан өткөрдүк. Окуудан өткөн адистер тамекинин зыяндуулугу боюнча айылдарда 10 багыт боюнча иш алып барышты. Ар бир автоунааларды текшерип, тамеки чегүүгө болбойт деген белгилерди карап чыгышты. Мындан сырткары айдоочуларга, жашоочуларга, мектеп окуучуларына тамекинин зыяндуулугу тууралуу кенен маалыматтарды беришти. Тамекинин зыяндуулугу боюнча ФИН долбоору иштеп, райондук, айылдык ден соолук комитеттеринин арасында сынак да жарыяланган. Ага Ош облусунан 12 райондук ден соолук комитети катышып, жыйынтыгында Өзгөн районундагы ден соолук комитети жеңишке жетишти. Ал эми Жалал-Абад облусунан 15 комитет катышып, Ноокен райондук ден соолук комитети, Баткен облусунан Лейлек райондук ден соолук комитети алдыга чыгып, 450 еврого ээ болушту.

Мындан сырткары активдүү катышкан райондук ден соолук комитетине ардак грамоталар, фотоаппараттар тапшырылат», - деди ал.

Тамекини 15 жылдан ашуун чеккен адамдар буттун гангрена, өпкө бронхити, жүрөк-кан тамыр, бөйрөк оорусуна чалдыгышат.

Ошто атайын тамекинин зыяндуулугу боюнча жыйын өткөрүлүп, жыйынга 3 облустан айыл өкмөт башчылары, ден соолук комитетинин кызматкерлери катышты. Жыйындын жүрүшүндө Ош облусу боюнча айылдарды тейлеген 452 кичи автобус, 1652 такси бар экендиги аныкталганы айтылды. Облус боюнча 2 миң 161 айдоочу болсо, анын ичинен 1 миң 52 айдоочу тамеки чегет. Ал эми 145 кичи автобуста гана тамеки чегүүгө тыюу салынган белгилер болгон.

Ош шаарында тамеки саткан 975 дүкөн болсо, анын ичинен 672 дүкөндө тамеки чегүүгө тыюу салынган белгилер жок экендиги аныкталган. Ал эми сурамжылоонун негизинде 254 адам, ата-энелер балдарын тамеки алып келүүгө жумшайт деген пикирин айтышкан.

Мектептердин айланасында тамеки сатуучу дүкөндөр 100 м алыста жайгашуусу абзел.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×