Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Талас облусуБакай-Ата району 28.06.2018 14:41 На русском

Видео — Таласта алтын өндүргөн компаниянын ишин убактылуу токтотуу чечими кабыл алынды

Turmush -  Бүгүн, 28-июнда Бакай-Ата районунун Акназаров айылы өкмөтүндө Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиев, Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчисинин орун басары Азиз Сапаралиев катышкан жыйын өтүп, анда аймакта алтын өндүргөн «Полюс Голд Кей Джи» компаниясынын иши талкууланды.

Ага 200дөн ашык адам келип, алтын казган компания жөнүндө суроолор берилип, жооптор алынды.

Компаниянын Бакай-Ата районундагы өкүлү Нурбол Шырдакбаевдин айтымында, алар кен казууга лицензияны аукциондон утуп алышкан.

«Биз эч кимди алдаган жокпуз. Биз жөн эле көчөдөн келип казып жаткан жерибиз жок. Аукциондо 4 компаниянын ичинен биз утуп алганбыз. Бул жерде «посыпной» алтын өндүрүлөт. Ага уулуу зат колдонулбайт», - деди ал.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев аталган компаниянын иши убактылуу токтотулуп, техникалары чыгарылсын деген чечим чыккандыгын билдирди. Мындай чечимдин чыгышына аталган аймакта жашаган элге компания тарабынан маалымат берилбегендиги себеп болду. Бир дагы элдик жыйын өткөрүлбөй, көпчүлүктүн нааразычылыгы жаралган. Эми тиешелүү органдар компаниянын документтерин текшерүүдөн өткөрөт.

Окуя тууралуу:

Кечээ 27-июнда Бакай-Ата районунун Акназаров айыл өкмөтүнүн тургундары Үрмарал өзөнүнөн алтын чайкалып жатканына нааразы болуп чыгышкан.

Маалым болгондой, нааразычылык акциясына болжол менен 100гө чукул адам чогулган болчу.

«Урмарал өзөнүнөн эл суу ичет. Сууга химикат кошулуп, элдин ден соолугуна зыян болуп жатат», - деген тургундар.

Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Тынысовдун айтымында, алтын чайкоочу компания ушул жылдын 22-майында ишке киришкен. Айыл депутаттары компаниянын иштешине макулдугун беришкен.

Нааразычылык акцияга чыккан тургундар өкмөттүн облустагы өкүлүн жана алтын чайкоочу компаниянын иштешине макулдук берген документке кол койгон жергиликтүү кеңештин депутаттарынын келишин талап кылышкан.

Айыл өкмөт башчы кечээ кечинде облус башчысы аталган компания ишин токтоткондугун айткандыгын кошумчалаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×