Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Чүй

Москва районунда №28 кесиптик лицейдин 45 жылдык мааракеси белгиленди (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районунда №28 Кыргыз-Орус кесиптик лицейинин 45 жылдык мааракеси белгиленди. Бул тууралуу лицейдин директору Сагынбек Чагарбаев билдирди.

Анын айтымында, окуу жай 1973-жылы Москва жана Сокулук райондорун айыл чарба адистери менен камсыздоо максатында негизделген. Ал жерде билим алган кыздар тигүүчү, ашпозчу, чачтарач, ал эми жигиттер фермер, айдоочу, ширетүүчү адистигине ээ болушат.

«45 жылдын ичинде лицей 13 миң 750 айыл чарба адисин даярдап чыгарды. Мааракеге райондун жетекчилиги, бүтүрүүчүлөр, ардагерлер чакырылды. Анын жүрүшүндө айыл чарба техникаларын оңдоочу устакананын ачылышы болду», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 493
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×