Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Талас

Ошто уюштурулган «Достук» фестивалынын кезеги Таласка өттү

Turmush -  23-24-июнь күндөрү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде «Студенттер билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн» аттуу достук фестивалы өттү. Бул тууралуу Талас мамлекеттик университетинин тарбия иштери боюнча проректору Самат Жумалиев билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарындагы студенттер катышты. Анда Талас мамлекеттик университетинин студенттери да өз өнөрлөрүн тартуулашып, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ардак грамотасына жана акчалай сыйлыгына ээ болушту. Элдик ыр, бийи, заманбап эстрадалык ыр, театралдык өнөр жанрлары боюнча дипломанттарга сыйлыктар тапшырылды. «Достук» фестивалы 2019-жылы Талас мамлекеттик университетинде өтө турган болду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 641
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×