Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Баракелде, Бишкек 27.06.2018 18:21 На русском

Жогорку Кеңеш акыйкатчы К.Оторбаевди кызматынан бошотту

Turmush -  Парламент акыйкатчы Кубат Оторбаевди ээлеген кызматынан бошотту. Мындай чечим бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин отурумунда кабыл алынды.

Төрага Дастан Жумабеков билдиргендей, анын атына тиешелүү кат келип түшкөн. Депутаттар акыйкатчыны отурумга чакырууну сунуш кылышкан. Бирок сунуш колдоого ээ болгон жок.

Жыйынтыгында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин чечими добуш берүүгө коюлду. 86 депутат чечимге макул экенин билдирсе, 5 депутат каршы болду. Добуш берүү учурунда жалпы 96 депутат катталган.

«Акыйкатчы кызматынан бошотулду», - деди төрага.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×