Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 27.06.2018 14:32 Жаңыланды: 27.06.2018 17:08 На русском

Кара-Сууда 6 абитуриент гана 200дөн жогорку упай топтоду (тизме)

Turmush -  2018-жылы жалпы республикалык тестирлөөгө Кара-Суу району боюнча 1707 абитуриент катышты. Анын ичинен 934 бүтүрүүчү 110 баллдан өтө алган жок.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Жаркынай Полотбаеванын маалыматына караганда, район боюнча жалпы 2979 бүтүрүүчү мектепти аяктады. Алардын ичинен 1707 бүтүрүүчү жалпы республикалык тестирлөөгө катышып, жыйынтыгында 6 абитуриент гана 200дөн жогорку упай топтогон.

Ал эми 150 адам 150-200 упайга ээ болсо, 110 баллдан 831 бүтүрүүчү өткөн. Муну менен район боюнча бүтүрүүчүлөрдүн билим сапатынын деңгээли 51 пайызды түздү.

«Учурда райондогу абитуриенттерге сертификаттарды тапшырдык. Биздин райондон өзгөчө сертификатка жеткен окуучулар болгон жок», - деди Ж.Полотбаева.

Учурда Кара-Суу району боюнча жалпы 128 мектеп бар. Алардын ичинен 105 мектептин бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан. Калган мектептердин айрымдары 9 жылдык билим берсе, айрымдарында окуучулар 11-класска чейин окушпайт.

200дөн жогору упай топтогон бүтүрүүчүлөр:

- Кара-Суу шаарындагы Кычан Жакыпов атындагы таланттуу балдар гимназиясынын бүтүрүүчүлөрү Аида Абытова — 211 упай;

- Сайрагүл Алмазбекова — 205;

- Адилет Топчубаев — 204;

- Мады айыл аймагынын Кыргыз-Чек айылындагы Сыдык Алайчы атындагы орто мектебинен Айгүл Жапарова — 206 балл;

- Катта-Талдык айыл аймагындагы Аман Жунусов орто мектебинен Сүйүмкан Мирбекова —208 балл.

- мектепти 2017-жылы аяктаган Данияр Алмаз уулу — 203 упай.

Билим берүү жана илим министрлиги 14-июнда жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен өзгөчө сертификаттарга ээ болгон абитуриенттердин тизмесин жарыялаган. Алар жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен өздөрү тандаган жогорку окуу жайлардан акысыз билим алууга автоматтык түрдө мүмкүнчүлүк алышат.

2017-2018-окуу жылында жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен өзгөчө сертификатка ээ болгон абитуриенттердин тизмеси бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×