Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 27.06.2018 13:28 На русском

Тоң районунун прокурору менен орун басары кызматтан бошотулду

Turmush -  Тоң районунун прокурору Абылов Талантбек Кадырбекович менен анын орун басары Шамил Кадыралиев ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү чечимге башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов кол койгону маалым болду.

Азырынча райондун прокурору менен анын орун басары дайындала элек.

Т.Абылов

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучусу Айбек Жаныбаев 3-майда президент Сооронбай Жээнбековдун иш сапарында жергиликтүү жашоочу прокурорлордун ишине байланыштуу нааразычылык билдиргенин жазган. Анын айтымында, Төрт-Күл айылынын тургуну (аял киши) өлкө башчысына буга байланыштуу документ да берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×