Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ош

3 жаштан 12 жашка чейинки балдардын таймашы: Ошто кичинекей ханзаада менен ханыша аныкталды (фото)

Turmush -  Ош шаарында «Оштун кичинекей ханзаадасы жана ханышасы» сынагы уюштурулду. Анын жыйынтыгы менен 3 жаштагы Алинур Мырзабеков менен 7 жаштагы Жасмина Шарапова жеңүүчү деп табылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чараны уюштурган Баел Матисаковдун айтымында, бул сынакка облус аймагынан 35 талапкер катышып, анын ичинен 10 катышуучу келбети, өзүн алып жүрүшү жана таланты менен тандалып алынган. Ал эми финалдык тур 3 жаштан 8 жашка чейинкилер арасында өзүнчө, 8 жаштан 12 жашка чейин балдар арасында өзүнчө өттү.

Алгач балдар лимузин менен келип, кызыл килемден өтүштү. Андан кийин саламдашуу, бийлөө, мода көрсөтүү жана башка тапшырмаларды аткарып, жыйынтыгында 8 жаштагы Нурсултан Мамажанов менен 11 жаштагы Мырзайым Абдуллаева жеңишке жетти.

Ал эми кенже курактагылар арасында 3 жаштагы Алинур Мырзабеков менен 7 жаштагы Жасмина Шарапова баш байгенин ээси болушту. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер менен бирге республикалык турга жолдомо тапшырылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1201
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×