Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ысык-Көл

Балыкчыда грек-рим күрөшү боюнча республикалык турнир өтүп жатат (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарында грек-рим күрөшү боюнча республикалык турнирдин ачылыш аземи болуп, мелдеш башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, турнирге өлкөнүн аймагынан жалпы 30 команда, 380 спортчу катталып, алар 12 салмак даража боюнча күч сынашат. Шаардык грек-рим күрөш федерациясы «Балыкчы жаштар ынтымагы» коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурган мелдеш шаардык спорт комплексте өткөрүлүүдө.

Аталган бирикменин төрагасы Б.Аралбаевдин айтымында, турнир коомдук бирикменин мүчөлөрүнүн көзү өтүп кеткен жакын санаалаштары — К.Барктабасов, Т.Талантбеков, А.Жанат уулу, Б.Дайырбек уулу, Б.Руслановдун жаркын элесине арналып уюштурулган.

Республикалык турнирдин ачылыш аземи флешмоб жана «Жаш толкун» бий ансамблинин бийи менен коштолду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 677
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×