Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 26.06.2018 12:51

Караколдо бокс боюнча эл аралык мелдеш өтүп жатат (фото)

Turmush -  Каракол шаарында эмгек сиңирген машыктыруучу, доцент, эл агартуунун отличниги Бейшен Сабатаровдун жана бокс боюнча дүйнөнүн чемпиону Айбек Абдымомуновдун урматына бокс боюнча мелдеш өтүп жатат, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ага республиканын ар аймагынан жана Казакстандан келген спортчулар катышууда. Мелдеш 12 жаштан жогорку спортчулар арасында уюштурулган. Ага жалпы 100дөн ашык спортчу катышууда.

Ачылыш аземи 25-июнда болуп, ага спортчулар, шаар мэри Д.Арпачиев, Каракол шаардык кеңештин төрагасы Э.Айсаракуновдор катышты. Мелдеш 5 күнгө созулат.

Бейшен Сабатаров 36 жылдан бери машыктыруучу болуп эмгектенип, эл аралык класстагы 1 спортчуну, Советтер Союзунун 3 спорт чеберин, КРнын 7 спорт чеберин, 150гө жакын спорт чеберине талапкерлерди жана 1 миңден ашык спортчуларды тарбиялаган. Алардын бири — жаштар арасында дүйнө чемпиону болгон А.Абдымомунов.

Б.Сабатаров үй-бүлөдө 3 баланын атасы. Уулу Адилет анын жолун жолдоп, бокс боюнча машыктыруучу болуп эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×