Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ош

Ошто кыздар арасында алыш күрөш боюнча турнир өтүп жатат (фото)

Turmush -  Кечээ, 24-июнда Ош шаарында кыздар арасында өлкөнүн алыш бел боо күрөш боюнча турнири башталды. Турнир Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Кубанычбек Таштанбековго арналып өткөрүлүп жатат.

Спорттук мелдеш Дене тарбия жана спорт комитетинин №2 мектеби тарабынан уюштурулуп, 60тан ашык спортчу кыздар күч сынашууда.

К.Таштанбековдун окуучусу, алыш күрөшү боюнча Азия чемпиону Алтынай Мамарасул кызынын айтымында, турнирге өлкөнүн 10 шаарынан келген спортчу кыздар катышууда. Жеңүүчүлөр диплом, медаль жана баалуу белектер менен сыйланат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 855
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×