Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ош

Моңголиядагы эл аралык мелдешке кыргызстандык 5 боксчу каражаты жок барбай калды

Turmush -  Кечээ, 24-июнь күнү Моңголиянын Улан-Батор шаарында бокс боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Кыргызстандын спорт чебери Шайлообек Атазовдун билдиргенине караганда, мелдешке Россия, Индия, Корея, Таиланд, Кытай, Иран, Казакстан, Кыргызстан жана Моңголиядан эң мыкты делген боксчулар жолдомо алышкан.

Каржылык маселелерге байланыштуу Кыргызстандан мелдешке жалпы 3 боксчу, 2 машыктыруучу, 1 калыс гана барды. Жыйынтыгында боксчу Азат Үсеналиев 52 кг салмакта 1-орунду багындырса, Шайлообек Равшанбек уулу 60 кг салмакта бокс боюнча дүйнө чемпиону индиялык бокчу менен мушташып, «Эрки күчтүү боксчу» наамына ээ болгон. Бул мелдеште 1-орунду ээлеген спортчуларга Азиядагы жана дүйнөлүк олимпиадаларга жолдомолор тапшырылды.

«Моңголиядагы мелдешке баруу үчүн Кыргызстандан жалпы 7 боксчу даярданып жаткан. Анын бешөө каржы маселесинен улам бара албай калды. 2 боксчунун каражатын да демөөрчүлөр төлөп берди. Буга чейинки мелдештерге да өз каражатыбыз менен барып келгенбиз. Кореяда 1 спортчуну мелдештерге даярдоо үчүн 100 миң доллар бөлүнөт экен. Биз даярдык иштерин эмес, жол кире акысын да таба албай жатабыз. Ушуга өкмөт көңүл буруп койсо жакшы болмок», - деди Ш.Атазов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1656
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×