Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Талас

Таласта эң көп упай алган бүтүрүүчүлөр: Нурбек БААУда, Дастан Нарындагы университетте окумак болду (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бакайыр айылынын 17 жаштагы тургуну Исламбек уулу Дастан менен Кара-Буура районунун Үч-Булак айылынын 18 жаштагы тургуну Нурбек Өмүрзаков жалпы республикалык тестирлөөдө көп упай алган 50 абитуриенттин катарына кирип, «Алтын сертификаттын» ээлери болушту. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.

Нурбектин айтымында, тестирлөөдө 222 упай алды.

«1-класска Үч-Булак айылындагы А.Сулайманов атындагы орто мектепке баргам. 7-класстан тарта Талас шаарында жайгашкан балдар лицейинде окудум. 11-классты 5 деген баа менен аяктадым. Жалпы республикалык тестирлөөдөн 222 упайга ээ болуп, «Алтын сертификат» алдым. Үйдө болчумун, агайым апама телефон чалып, «уулуңуз алтын сертификатка жетти» деп кабарлаптыр. Чынында абдан сүйүндүм. Бирок менден дагы ата-энем көбүрөөк сүйүнүштү (күлүп). Мен тестирлөөгө жылдын башында эле даярдана баштагам. «Алтын сертификат» алам деген максат койгом. Бош убактымдын барында даярданып, аракет кылгам. Учурда Борбордук Азиядагы Америка университетинин бизнес башкаруу бөлүмүнө тапшырдым. Келечекте билимимди чет мамлекетте улантсам деген максатым бар. Өзүм жеке ишкерлик менен алектенип, жумуш орундарын түзсөм дейм. Көп адамдардын жашоосун жакшы жакка өзгөрткүм келет.

Бош убактымда футбол ойноп жана китеп окуган жагат. Футболго байланыштуу бардык нерселерди жакшы көрөм. Психологиялык китептер, адамдын өзүн-өзү өнүгүүсүнө жардам бере турган китептер жана бизнеске байланыштуу китептер жагат», - деди ал.

Нурбек үй-бүлөдө 5 бир тууган.

Исламбек уулу Дастандын айтымында, буга чейин Индия, Тайландда өткөн эл аралык олимпиадаларга катышып келген. Тестирлөөдө 220 упай алды.

«2007-жылы Бакайыр айылындагы М.Чалданбаев атындагы мектепке 1-класска киргем. 7-классымда балдар лицейине которулгам. Өзүм олимпиадаларга катышчумун. 10-классымда Индияда физика, астраномия боюнча өткөн олимпиадага катышкам. Ошол эле жылы Индияда өткөн астрофизика сабагынан эл аралык олимпиадага катыштым. Астрофизика сабагынан Тайландда өткөн олимпиадага бардым. Ал жактан командалык эсеп менен 1-орунду алганбыз. Жалпы республикалык тестирлөөдөгү упайым 220 болду. «Алтын сертификатка» жетем деп күткөн эмесмин. «Алтын сертификат» жөнүндө апама агайым телефон чалып айткан экен. Чын эле ошондой болдубу деп атам менен кайра агайларыма чалып, тактап сурадык (күлүп). Нарын облусундагы Борбор Азиядагы Америка университети ачылган. Ал жакта жалпы республикалык тестирлөөгө талап жок экен. Ошол жакка программист адистигине тапшырдым», - деди ал.

Дастан үй-бүлөдө 4 бир тууган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2367
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×