Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Нарын

Фоторепортаж — Ак-Талаада «Манас, маданият жана туризм» фестивалынын жеңүүчүлөрү акчалай сыйлык менен сыйланышты

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда «Манас, маданият жана туризм» фестивалынын 5-сезону өткөрүлгөндүгүн аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 24-июнда Баетов айылынын Адилет Карасартов атындагы сейил багында өткөн фестивалдын алкагында кыргыз элинин каада-салттары көрсөтүлүп, сүрөт, кол өнөрчүлөрдүн жана улуттук кийимдердин көргөзмөсү уюштурулса, жаш манасчылар «Манас» эпосунан үзүндү айтышып, «Манас» эпосунан урунттуу окуялар сахналаштырылды.

Фестивалга облус башчысынын орун басары Жаркын Ибраева, район акими Нурбек Молдокадыров, КРдин маданият, маалымат жана туризм министринин кеңешчиси жана башкалар катышты.

Фестивалда өз өнөрлөрүн мыкты көрсөтүү боюнча сынактын жеңүүчүлөрү:
- 1-орунду Терек айылынын өнөрпоздору камсыздап, диплом жана 20 миң сом;
- 2-орун аныкталган жок;
- 3-орунду Жаңы-Талап айылынын өнөрпоздору ээлеп, 8 миң сом жана диплом менен сыйланышты.

«Акмөөрдүн сиңдилери» фольклордук тобу, Байгөнчөк айылынын, Үгүт айылы, Ак-Чий айылы жана Ак-Тал айылынын өнөрпоздору фестивалга активдүү катышкандыгы үчүн диплом жана 1 миң сомдон акчалай сыйлык менен сыйланышты.

«Манас» эпосунан үзүндү айтуу боюнча сынактын жеңүүчүлөрү:
- 1-орун Ыманбек уулу Нурсултан, диплом жана 10 миң сом;
- 2-орун Сабырбек уулу Сыймык, диплом жана 5 миң сом;
- 3-орун Мирбек Мергенбаев, диплом жана 1 миң сом;
- Каттоев Байэл кызыктыруучу сыйлык;
- Азирет Үсөнов кызыктыруучу сыйлык менен сыйланды.

Боз үй тигүү боюнча сынактын жеңүүчүлөрү:
Ак-Кыя айылынын жигиттери 12 мүнөт 22 секундда боз үй тигип, 5 миң сом менен, Коңорчок айылынын тургуну Акылбек Курманбаев боз үйдүн ичин жасалгалоо боюнча жеңишке жетишип, 1 миң сом жана диплом сыйланып, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жолдомо алышты.

Кыргыздын каада-салттарын көргөзүү боюнча сынактын жеңүүчүлөрү:
- 1-орун «Асылзат» шайыр апалар тобу;
- 2-орун «Соң-Көл ажары» шайыр апалар тобу диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Андан сырткары, улуттук кийим боюнча сынакта Тоголок Молдо айыл аймагынын кыздары, улуттук бий боюнча сынакта Кызыл-Белес айылынын «Назик» бийчилер тобу, Балдар музыкалык мектебинин «Камбаркан» тобу, балдар билим берүү борборунун «Кыял» бийчилер тобу жана салттуу ырлар боюнча сынакта Казыбек Жээнбеков алдыңкы орундарды ээлеп, диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланышты. Ошондой эле Ак-Тал айылынын кол өнөрчүсү Бактыгүл Нарынкулова «Кыргыз шырдагы» фестивалына жолдомо алуу менен 1 миң сом акчалай сыйлык алды. Мындан тышкары, кол өнөрчүлүк боюнча сынакка активдүү катышкандыгы үчүн Карыбек Баратбаев жана Үгүт айылынан Тамара Байбагышова сыйланса, көркөм сүрөт боюнча көргөзмөдө балдар билим берүү борборунун мугалими Акылбек Мамбетов сыйланды. Андан соң жаштардын демөөрчүлүгү менен райондук тарых музейинин сүрөтчүсү Рыскулбек Акматбеков, Ак-Тал айылынын кол өнөрчүсү Гүлайым Баратбаева, Балдар билим берүү борбору Алмата шаарындагы туристтик көргөзмөгө жолдомо алышса, ал эми «Тынчтык» балдар бакчасы Соң-Көлгө туристтерге кол эмгектерин сатуу боюнча боюнча жолдомо алышты. Ал эми фестивалдын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ыраазычылык каты менен райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Марипа Муканова, ардак грамота менен маданият үйүнүн өнөрпозу Бекжан Карасартов жана Тоголок Молдо айылынын маданият клубунун башчысы Жыргалбай Турганбаев сыйланышты.

Аталган фестиваль 4 жылдан бери өткөрүлүп келе жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1014
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×