Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ош

Видео — «Алай» клубунун футболчулары жеңишти «Дордойчуларга» алдырышты

Turmush -  Кечээ, 24-июнь күнү Кыргызстандын клубдар аралык чемпионатынын (Топ лига) кезектеги туру болуп, «Алай» клубу өз үйүндө «Дордойчуларды» кабыл алды. Оюндун биринчи бөлүгүндө күйөрмандар эки тараптан тең гол көрө алышкан жок, деп маалымдайт кабарчы.

Оюндун экинчи бөлүгү коноктордун активдүү чабуулу менен башталды. Ал эми үй ээлери сейрек чабуулдары менен айырмаланып турду. Бул учурда «Дордой» чабуул артынан чабуул жасап жатып, бирок упай эмес, айып жазылды. Андан чыгарылган топту «Алайдын» коргоочусу колу менен тосуп алгандыктан, оюн калысы «Алайдын» дарбазына 11 метрлик айып топ берген. Ал мүмкүнчүлүктү «Дордойдун» оюнчусу мыкты пайдаланып, жыйынтыгында оюндагы эсеп ачылды.

«Дордойдун» кийинки чабуулдарынын натыйжасында дагы эки топ алардын эсебине жазылды. Качан гана коноктор 3 упай алдыда бара жатканда «Алай» клубу чабуулга өтө баштап, жыйынтыгында талаа ээлери 2 гол киргизүүгө жетишишти.

Акыркы эсеп — 3:2, жеңиш «Дордой» клубу тарапта.

Мурунку беттеш:
17-июнда Кыргызстандын клубдар аралык чемпионатынын кезектеги туру болуп (Топ лига), Оштун «Алай» клубу өз үйүндө Кара-Балта шаарынын «Кара-Балта» клубун кабыл алган. Андагы эки таймдын жыйынтыгы 6:2 эсебин көрсөтүп, «Алай» клубу жеңишти белгилеген болчу.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 757
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×