Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Баткен

А.Абдуллаев жумушунан бошотулуп, Баткендеги оорукананын хирургу болуп дайындалды

Turmush -  Баткен облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Аким Абдуллаев өз каалоосу менен жумушунан бошотулуп, Баткен облустук бириккен ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Учурда үй-бүлөлүк медицина борборунун башчысынын милдетин буга чейин директордун орун басары болуп иштеп келген Арзыбек Бөрүбеков аткарууда. Аким Абдуллаев операцияларды жасаган тажрыйбалуу хирург болгондуктан андан кайрадан хирургия бөлүмүнө келүүнү суранышкан.

Ал эми оорукананын жетекчисинин милдетин аткаруучу Арзыбек Бөрүбеков Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетин аяктаган. 2013-жылы облустук үй-бүлөлүк медицина борборунда травматолог дарыгер, 2015-жылы бөлүм башчы, 2016-жылы директордун орун басары кызматында иштеген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 932
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×