Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Баракелде, Дүйнө 25.06.2018 09:39 На русском

Түркиядагы президенттик жана парламенттик шайлоо: Эрдоган жеңишти майрамдап баштады

Turmush -  Түркиянын азыркы президенти Реджеп Тайип Эрдоган президенттик шайлоодо 1-турда эле жеңишке жеткендигин билдирди. Бул тууралуу Anadolu маалымдады.

Маалыматка караганда, Эрдоган 53%, атаандашы Мухаррем Индже 31% добуш алганын айтты. Эрдоган Стамбул шаарында тарапташтары менен жолугушуу учурунда бейрасмий маалыматтар боюнча анын «Акыйкаттык жана өнүгүү» партиясы бардыгынан көп добуш алып, парламентте көпчүлүк орунду камсыздагандыгын билдирди.

Парламенттик шайлоодо башкаруучу «Акыйкаттык жана өнүгүү» партиясы добуштардын 42,4%, Улуттук кыймыл партиясы 11,1% алды. Муну менен аларды бириктирген Элдик альянс парламенттеги 600 орундун ичинен 342 орунду алат. Эрдоган Түркия президенттик башкарууга өткөндөн кийин шайланган биринчи президент болуп калат.

Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоону өткөрүү 2019-жылдын 3-ноябрына дайындалган болчу. Бирок апрель айында Улуттук кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчели президенттик башкаруу системасына тез арада өтүү үчүн мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү жөнүндө сунуш берген. Эрдоган аталган сунушту дароо кабыл алып, 24-июнга президенттик жана парламенттик шайлоо жарыялаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×