Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ош

Ошто каратэ-до боюнча өлкөнүн ачык биринчилиги башталды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 23-июнда Ош шаарында Кыргызстандын каратэ-до «Сетокан» боюнча ачык биринчилиги башталды.

Мелдештин расмий ачылышына Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Алмазбек Осмонов, Жогорку Кеңештин жана шаардык кеңештин депутаттары, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин кызматкерлери, шаардык Каратэ федерациясынын президенти Бекмурза Эргешов, каратэ-до «Сетокан» боюнча эл аралык бөлүмүнүн жетекчиси, 7 жолку дүйнө чемпиону, 8-дан кара курдун ээси япониялык Манабу Мураками жана спортчулар катышты.

А.Осмонов Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин атынан турнирдин уюштуруучуларына, машыктыруучуларга жана катышуучуларга ыраазычылык билдирип, мэриянын ардак грамоталарын жана баалуу белектерин тапшырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө каратэ-до «Сетокан» боюнча спорт чеберлери жана Манабу Мураками катышуучуларга мастер-класс көрсөтүштү. Мелдешке Кыргызстан, Казакстан жана Таджикистан мамлекеттеринен 400гө жакын спортчулар катышууда.

Шаардык дене тарбия жана спор комитети уюштурган бул турнир эртең, 24-июнь күнү жыйынтыкталат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 957
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×