Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Ош облусуНоокат району 24.06.2018 09:40

Ноокатта эки бүтүрүүчү «Алтын тамга» аттестатынын ээси болушту (фото)

Turmush -  Ноокат районунун Көк-Жар орто мектебинин эки окуучусу 2017-2018-окуу жылынын жыйынтыгы менен «Алтын тамга» аттестатына ээ болду.

Аймактык кабарчы билдиргендей, бүгүн, 23-июнда райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Н.Козуев жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси О.Көчкөнбаев аталган мектептин бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшыруу аземине катышты.

Ал эми өзгөчөлөнгөн «Алтын тамга» аттестаты Нуржамал Акматова менен Азамат Кузубаевке тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×