Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Ош облусу, Ош 23.06.2018 21:01

Фото — Ошто студенттердин республикалык достук фестивалы өтүп жатат

Turmush -  Бүгүн, 23-июнда Аймактарды өнүктүрүү жылына карата Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда «Студенттер билимдүү, бирдиктүү Кыргзстан үчүн!» аттуу III студенттердин достук фестивалы башталды.

Иш-чаранын расмий ачылышына Ош шаарынын вице-мэри Шакир Зулимов, билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков, Талас, Нарын, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош мамлекеттик университеттеринин ректорлору, студенттери жана ОГПИнин жааматы катышты.

Ош шаарынын вице-мэри Ш. Зулимов достук фестивалы студенттерге, активисттерге жер таанып, башка университеттердин студенттери менен баарлашып, тажырыйба алмашууга чоң өбөлгө түзө тургандыгын белгилеп, ийгилик каалады.

ОшМУнун ректору, достук фестивалынын негиздөөчүсү, профессор Каныбек Исаков жалпысынан 7 университеттин арасында 2016-жылы декларацияга кол коюлуп, жылына 600гө жакын студенттер жети дубанды кыдырып, биримдикти чыңдап, тажырыйба алмашып, чоң жетишкендиктерди багындырып жаткандыгын белгиледи.

Өткөн жылы Ысык-Көлдө уюштурулган фестиваль 2019-жылы Талас мамлекеттик университетинде өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×