Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Ош

ЖМК өкүлдөрүнүн футбол мелдешинде АКИпресс-Оштун командасы 2-орунду алды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 23-июнда Ош шаарында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн арасында өткөн кичи футбол боюнча мелдеште Turmush басылмасынын командасы 2-орунду багындырды.

Аймактык кабарчынын маалыматына караганда, мелдеш маркум журналист, режиссер Таир Турсуналиевдин элесине арналып уюштурулду. Мелдешке Ош жана Жалал-Абад облусундагы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнөн куралган командалар катышты.

Жыйынтыгында 1-орунду Ынтымак телеканалынын «Ынтымак» каналы, 2-орунду АКИпресс агенттигинин Turmush басылмасынын «АКИпресс-Ош» командасы алды. Жеңүүчүлөргө Т.Турсуналиев медиа мектебинин коомдук бирикмесинин төрагасы Д.Садиев белектерди тапшырды. Мелдеш аталган медиа мектеп тарабынан уюштурулду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 756
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×