Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Нарын

Нарындык жаш манасчы республикалык сынакта 2-орунду алды (фото)

Turmush -  Бишкек шаарында салтка айланган жаш манасчылардын республикалык сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга манасчы Нурбек Талантбеков билдирди.

Анын айтымында, жаш манасчылардын сынагы 7 жылдан бери өткөрүлүп келет. Ага өлкө аймагындагы жаш манасчылар катышат.

«Жыйынтыгында 1-орунду Төлөбек Муса уулу, 2-орунду Кутман Садыбакасов, ал эми 3-орунду Белек Бактыбеков багындырды. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык жана баалуу китеп, грамота, медалдар тапшырылды. Байге фонду 40 000 миң сомду түздү», - деди ал.

Сынакка жалпы 5 жаштан 25 жашка чейинки 50дөн ашык жаш манасчы катышкан. Анын жүрүшүндө спорт менен машыккан балдардын «Манас» эпосунан үзүндү айтуусу өзгөчө кызыктуу болду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1093
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×