Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ош облусу, Ош 22.06.2018 12:29

Видео, фото — Оштун жаш спортчулары көркөм гимнастика боюнча эл аралык турнирлерде 18 медаль тагынышты

Turmush -  Азербайжандын Баку шаарында жана Казакстандын Алмата шаарында өткөн көркөм гимнастика боюнча мелдештерде Ош шаарынын жаш спортчу кыздары 10 алтын, 6 күмүш, 2 коло медалга ээ болушту.

Бүгүн, 22-июнда жаш спортчуларды «Ош» эл аралык аэропортунан салтанаттуу тосуп алышты. Ага Ош шаардык спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаев, EREM спорт клубунун спортчулары жана ата-энелер катышты.

Ош шаарында көркөм гимнастика мектеби 2017-жылы негизделген. Аталган мектептин 16 окуучусу Баку шаарында өткөн эл аралык мелдеште ийгиликке жеткенин машыктыруучу Айнура Шаршембиева билдирди.

«Биздин мектеп түзүлгөнүнө аз убакыт болсо да окуучуларым жакшы көрсөткүчкө ээ боло алышты. Баку шаарындагы мелдеште 2 алтын, 4 күмүш, 2 коло медаль алдык. Мелдешке 12 мамлекеттен 28 көркөм гимнастика мектебинин окуучулары катышты. Мелдеш 4 жаштан 13 жашка чейинки кыздар арасында өттү. Бул биздин алгачкы чет өлкөгө болгон сапарыбыз жана алгачкы ийгилигибиз болду. Ошондой эле Алмата шаарында Казакстан, Россия, Кыргызстан мамлекеттеринин ортосунда "Достук" эл аралык мелдеши болуп өттү. Анда окуучуларым 8 алтын, 2 күмүш медаль багындырды», - деди А.Шаршембиева.

Мелдешке катышкан 4 жаштагы Мариям Жаныбекова 2 алтын медалга ээ болду. Атасы Эмилбек Кимсановдун айтымында, кызынын көркөм гимнастика мектебине барганына 4 эле ай болду.

«Мындай чоң ийгиликти багындырарын күткөн эмеспиз. Кызыбыздын ийгилигин көрүп, абдан кубанып тургабыз. Мындан ары да кызыма жакшы шарттарды түзүп берем», - деди ал.

Мелдештин дагы бир катышуучусу Аделина Айдарова 5 жашта. Ал сынакта күмүш медалга ээ болгон. «Мен Бакуга барып, 2-орунду алдым. Кийинки мелдеште алтын алып келем», - деди ал.

5 жаштагы Асия Абдрашитованы тосуп алганы чоң атасы Абдрашит Исаков келген. Ал небересинин ийгилигин көрүп, толкунданып жатканын айтты.

«Неберемди көрүп аябай кубанып, толкунданып турам. Жаш жеткинчектердин ийгилиги — кыргыз элинин, Ош шаарыбыздын ийгилиги. Машыктыруучусуна да ыраазычылык билдиребиз. Кыздарыбызды тарбиялап, эл аралык сынактарга катыштырып келүүдө», - деди А. Исаков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×