Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Баткен облусуЛейлек району 22.06.2018 09:52

Лейлектин Максат айылындагы чырдан кийин «Кулунду» тозотунун башчысы алмашты

Turmush -  Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы «Кулунду» тозотунун жаңы башчы болуп Тельтаев Кубан Иманкулович дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев кол койгон.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 4-июнда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Максат аймагынын Футбол талаасы тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда жаңжал чыкканы маалымдалган.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, окуя саат 17:10 чамаларында болуп, тажик чек арачылары эскертүү катары асманга ок атышкан. Жаңжалга тажикстандык аскер кызматкерлеринин кыргыз-тажик чек арасындагы чек арачылардын жүрүм-турум сызыгын бузганы себеп болгон. Алар баш аламан соода кылган кыргызстандык жарандарды Футбол талаасы тилкесинен кубалап чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×