Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ош облусу, Ош 22.06.2018 09:22

Каратэ боюнча дүйнөнүн 8 жолку чемпиону Манабу Мураками: Ар бир бала чемпион болом деп кыялданып укташы керек (видео, фото)

Turmush -  Кечээ, 21-июнда Ош шаарындагы ата-энелер белгилүү япониялык спортчу, каратэ-до боюнча дүйнөнүн 8 жолку чемпиону Манабу Мураками менен жолугушту.

Аймактык кабарчынын маалыматына караганда, жолугушуунун жүрүшүндө каратэ менен машыккан балдардын ата-энелери М.Муракамиге каратэ өнөрү тууралуу суроолорду узатышып, жооп алышты.

Ар бир бала чемпион болом деп кыялданып укташы керектигин айткан Манабу Мураками 15 жашка чейин бир да жолу жеңишке жеткен эмес.

«9 жашымдан баштап каратэ менен машыгып баштадым. 11 жаштан 15 жашка чейин бейсбол менен алектендим. Бирок каратэни да толугу менен таштап койгон жокмун. 15 жашка чейин каратэ боюнча бир дагы жолу жеңишке жетишкен эмесмин. Японияда каратэ федерациясы тарабынан мелдеш өткөрүлүп, машыктыруучум мени да катыштырды. Аталган мелдеште биринчи жолу жеңишке жетип, каратэге олуттуу карай баштадым. Апама ошол убакта "чемпион болмоюнча каратэден кетпейм" деп сөз бергем. Балалык кылып, залга баргым келбеген учурда апам менин сөз бергендигимди эскертип турчу. Негизи алдыга максат койсоң гана ийгиликке жетише аласың. Бала кезимден тартып Хирокадзу Канадзавадай болом деп кыялдангам. Ушул күнгө чейин аны өрнөк тутуп келе жатам. Чемпион болом деп кыялданып уктачумун», - деди ал.

Ата-эне баласына жардам берсе, ал ийгиликке жете турганын белгилеген спортчу: «Бала өз алдынча максат кое албашы мүмкүн. Ага туура максат коюп, аракет кылуусуна ата-эне да жардам бериши керек. Бир жолу 5 жашымда апам экөөбүз велосипед тээп бара жатканбыз. Экөөбүз кокустан каналга түшүп кеттик. Апам ошондо мени коргоп калып, жаракат алган эмесмин. Апамдын колдоп, мага жардам бергенин ошондо түшүнгөм. Ата-эне балага колдоо көрсөткөндө гана баласы ийгиликтерди багындыра алат. Мурун чемипион болсоң эле жетиштүү деп ойлочумун. Көрсө атаандашыңды жеңүү жана андан жеңилүү мааниге ээ экен. Жашоодо көп жолу жеңип, көп жолу жеңилдим. Адам көп машыкканда гана өзүнө ишеним топтой алат. Ошондуктан эч качан машыгууну токтотпоо керек. Бир жолу чемпионатка катышып, атаандашымды катуурак уруп койгонум үчүн чейрек финалдан чыкпай, жеңилип калгам. Ошондо жеңилүү ызасын тартып, кийинки жыл сөзсүз жеңишке жетишем деп максат койгом. Кийинки жылы максатымды ишке ашырдым», - деди М.Манабу.

М.Мураками эл аралык каратэ «Сетокан» федерациясынын башкы машыктыруучусу. Ал жылына 40ка жакын мамлекетке барып, машыгууларды өткөрүп турат. «Өзүм Япониядан болом. Бирок бир жылдын 9 айы чет өлкөлөрдө өтөт. Жашоомду пландап жашайм. Биздин федерация өзүнө 120 мамлекетти камтыйт. Жыл сайын 30-40 мамлекетке барып, машыгууларды өткөрүп турам», - деди ал.

Белгилүү спортчу 8 дандын ээси. Ал Ош шаарында алгачкы жолу келди. «Кыргызстанга 5-ирет келишим. Бирок Ош шаарына алгачкы жолу келдим. Балдар менен машыгууларды өткөрдүк. Кыргыз балдар чынчыл келишет, бирок бейбашыраак. Жаш балдарда энергия көп болот. 6 жашка чейинки балдар каратэ менен жумасына 1 саат машыкса жетиштүү. Ал эми мектеп окуучулары жумасына 2-3 жолу барып, 90 мүнөт катышууга болот. 3 саат өзүңдү кыйнап машыккандан көрө 1 саат чын дилден машыккан пайдалуу. Өзүм 51 жаштамын. 3 уул жана 1 кыздын атасымын», - деди спортчу.

Ош шаардык каратэ федерациясынын президенти Бекмырза Эргешовдун айтымында, ар бир баланын башка шаарларга барып, каратэ боюнча белгилүү машыктыруучулардан сабак алууга мүмкүнчүлүгү жок.

«Биз атайын балдарга түрткү болушу үчүн Манабу Муракамини чакырдык. Анткени бардык окуучулардын башка шаарларга барып, сабак алууга мүмкүнчүлүгү жок. Мындай жолугушуулар жаш балдарга түрткү берип, жеңишке жетишине чоң жардам берет», - деди Б. Эргешов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×