Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Талас

Талас облусунун ички иштер бөлүмдөрүнө 9 милиционер ишке кирди

Turmush -  Талас ОИИБге Ички иштер министрлигинин академиясын быйыл бүтүргөн 9 курсант жумушка алынды. Бул тууралуу Талас ОИИБ басма сөз катчысы Динара Сарногоева билдирди.

«Бул 9 бүтүрүүчүгө 18-июнь күнү жумушка алуу боюнча буйрук чыкты. Аларды облустук ички иштер башкармалыгынын салтанаттуу түрдө өздүк курамы жана ардагерлер курамы тосуп алышып, милициянын лейтенанты деген погондор тапшырылды. Ар бир жаңы кызматкерге насаатчысы бекитилди. 9 кызматкер тең Талас облусунун ар кайсы райондоруна бөлүндү. Көпчүлүгү аймактык тескөөчү, жаш өспүрүмдөр менен иштөөчү тескөөчү жана ичинен 1 кызматкер тергөөчү болуп дайындалды», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 848
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×