Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Баракелде, Бишкек 21.06.2018 16:53 На русском

Видео — Төрага Д.Жумабеков өкмөттүн дресс-код сактабаган өкүлдөрүн отурумдан чыгып кетүүсүн талап кылды

Turmush -  Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков парламенттин бүгүн, 21-июнундагы отурмуна чакырылган өкмөттүн өкүлдөрүнө ылайыксыз кийингени үчүн эскертүү берди.

«Булардын бардыгы өкмөттө иштейт да? Бизде дресс-код, этика, регламент деген бар. Бул жердеги түз эфирди Кыргызстандын эли карап жатат. Булар өздөрүнүн кабинетинде ушинтип отурушсун, биз ага тыюу салбайбыз. Азыр бул жердеги доклатчиктер ылайыксыз кийинип келгени үчүн кетишсин, биз кабыл албайбыз», - деди ал.

Спикерге жооп берген өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Исламбек Мойдинов: «Дастанбек Артисбекович туура кабыл алабыз. Мындан кийин кайталанбай, биз иш-чараларды жүргүзөбүз. Дресс-код сиз айткандай өзүнүн тартиби менен болушу керек. Кечирим сурайбыз», - деди.

«Урматтуу бул жерге келген өкмөттүн мүчөлөрү мен муну жалпысынан айтып жатам. Мамлекеттик тартип болушу керек. Премьер-министрге да кайрылам, өкмөттүн өкүлү сиз да айтыңыз. Биз өзүбүздөн баштабасак иш жүрбөйт», - деди Д.Жумабеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×