Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Ош

Ош шаардык милициясы жаш кызматкерлер менен толукталды (фото)

Turmush -  Ош шаардык ички иштер башкармалыгына келген ИИМдин Академиясынын 7 бүтүрүүчүсүнө буйруктун негизинде милициянын лейтенанты наамы тапшырылды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ИИМдин буйругу өздүк курамга тааныштырылып, ШИИБдин башчысы М.Боронов лейтенанттарга атайын погондорду тапшырды. Башкармалыктын буйругу менен жаш офицерлерге тажрыйбалуу кызматкерлерден насаатчылар бекитилип берилди.

Бүгүн алар бүтүргөн адистиги жана жөндөмүнө жараша бөлүмдөргө жана кызматтарга бекитилип, кызмат өтөөгө киришет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 913
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×