Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Ош облусу, Ош 21.06.2018 11:44

«Алай» менен «Абдыш-Атанын» футболчулары Оштогу беттеште тең чыгышты (видео)

Turmush -  Кыргызстандын клубдар аралык чемпионатынын (Топ лига) кезектеги айлампасы болуп, кечээ, 20-июнда Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо «Алай» клубу «Абдыш-Ата» клубун кабыл алды.

Аймактык кабарчынын маалыматына караганда, биринчи таймдын алгачкы 15 мүнөтүндө коноктор активдүү чабуулга өтүп, атаандаштардын дарбазасына гол киргизүүгө жетишти. Бурчтан чыгарлып берилген топту «Абдыш-Атанын» (Кант шаарынын клубу) оюнчусу Манас Жутанов башы менен дарбазага жолдоду.

Андан кийин «Алайдын» футболчуларды да активдүү чабуулга өтүп, чабуулчу Амириддин Шарифи гол киргизүүгө жетишти. Оюндун экинчи таймында күйөрмандар голго күбө боло алышкан жок. Оюн 1:1 эсеби менен жыйынтыкталды.

Өткөн жылы да «Алай» менен «Абдыш-Атанын» беттеши тең чыгуу менен аяктаган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×