Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ош облусу, Кара-Суу 20.06.2018 18:04 На русском

Фото — 14 жаштагы Нуриза Кара-Суудагы эң сулуу кыз аталды

Turmush -  Кечээ, 19-июнда Кара-Суу шаарында «Мисс Кара-Суу-2018» сынагы өтүп, баш байгени 14 жаштагы Нуриза Досканова жеңип алды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга уюштуруучу Дилмурат Турсунбаев билдирди.

Анын айтымында, мындай сынак Кара-Суу шаарында алгачкы жолу өткөрүлүп, ага 13 жаштан 18 жашка чейинки кыздар катышкан.

«Сынакка жалпы Кара-Суу районунан 10 кыз тандалып алынып, алар 4 баскычта күч сынашты. Саламдашуу, бий, талантын көрсөтүү жана кече көйнөгү боюнча таймашышты. Сынактын жүрүшүндө катышуучулар өздөрүнүн ачылбаган таланттарын элге тартуулап, актерлук, кол өнөрчүлүк жана тамак жасоо өнөрлөрүн көрсөтүштү. Жыйынтыгында жогорку упай алган Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүнүн тургуну — 14 жаштагы Нуриза Досбаева жеңишке жетип, таажы жана баш байгеге ээ болду. Ал эми 1-орунду Медина Саматбек кызы, 2-орунду Жанара Калыкбердиева алды», - деди Д.Турсунбаев.

Аталган сынакты уюштурууга Кара-Суу шаардык мэриясы жана жаштар комитети көмөк көрсөткөн. Жеңүүчүлөргө атайын дипломдор, түрдүү наамдар жана баалуу белектер тапшырылды.

Жеңүүчү Нуриза Досбаева сынакка 1 ай даярданган. Ал Ленин орто мектебинде 8-классты аяктады. «Жеңишке жетем деп ойлогон эмесмин. Бул менин чоң сахнадагы алгачкы жеңиштеримдин бири болду. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын кичүүсүмүн», - деди ал.

Уюштуруучу Дилмурат Турсунбаев 19 жашта. Ал быйыл Ош шаарында жигиттер арасында өткөн сынакта «Биринчи вице-мистер» наамын алууга жетишкен. Ал жакында мындай сынакты Кара-Суу шаарындагы мырзалар арасында өткөрүүнү пландап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×