Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Нарын облусу 20.06.2018 17:40

Д.Рыскулов Нарын ОИИБдин башчысынын орун басары болуп дайындалды (фото)

Turmush -  Нарын ОИИБдин жетекчисинин орун басары болуп Рыскулов Данияр Имразанович дайындалды. Тиешелүү буйрукка 18-июнда ички иштер министри кол койгонун ОИИБден билдиришти.

Маалым болгондой, Д.Рыскулов бүгүн, 20-июнь ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын жетекчисинин орун басары, милициянын полковниги Мыктыбек Болушев жана Нарын ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Уланбек Аалиевдин катышуусунда өздүк курамга тааныштырылды.

Милициянын полковниги Данияр Рыскулов ички иштер органдарынын катарында 1995-жылдан тарта кызмат өтөп келет. Ал буга чейин ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын экинчи башкармалыгынын жарандарга каршы кылмыштар менен күрөшүүнү уюштуруу бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалган.

Ал эми буга чейин Нарын ОИИБдин башчысынын орун басары болуп эмгектенип келген Азамат Токтоналиев башка кызматка которулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×