Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусуКочкор району 20.06.2018 17:18

Т.Турдубеков Ак-Кыя айыл аймагынын башчысы болуп шайланды

Turmush -  Кочкор районунун Ак-Кыя айыл аймагынын башчысы болуп Турдубеков Тилек Рысбекович шайланды. Бул тууралуу Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Бүгүн, 20-июнда Ак-Кыя айыл аймагынында айыл өкмөт башчысын шайлоо өттү. Шайлоого айылдык кеңештин 20 депутаты катышып, Т.Турдубеков 15 добуш алды. Ал эми экинчи талапкер Асанбекова Анипа Асанбековна 5 добуш алган.

Т.Турдубеков буга чейин Ак-Кыя айылдык кеңешинин депутаты болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×