Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Ош облусу, Ош 20.06.2018 13:51

Көчмөндөр оюндарын даңазалаган мотожүрүш: 4 мамлекеттен чогулган 40 байкер Ошко келди (видео, фото)

Turmush -  Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын байкерлери мамлекеттер аралык сапарынан кийин бүгүн, 20-июнда Ош шаарына келишти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Алардын айтымында, аталган мамлекеттерден жалпы 40 байкер чогулуп, «Көчмөндөрдүн жолу» урааны астында Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстанда мотожүрүшкө чыгышкан.

Кыргызстандын мотоциклисттер коомунун жетекчиси Аскат Сейитбеков жүрүштүн максаты Борбордук Азиядагы байкерлердин достугун күчөтүү экенин белгиледи. Ошондой эле атаган мотожүрүш III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган.

«Байкерлердин жүрүшүнүн максаты — көчмөндөрдү даңазалоо болуп саналат. Жолдо ар кандай көйгөйлөргө дуушар болуп, мотоциклдердин дөңгөлөктөрү жарылды. Мындан сырткары Россиядан келген байкер агабыздын мотоцикли Тажикстанда бузулуп, калып калды. Жалпы 2,5 миң чакырым жол жүрдүк», - деди ал.

Казакстандык байкер Никалай Киянов кээ бир өлкөлөрдө күйүүчү май табылбай кыйналгандыгын айтты.

«Өзүм Алматы шаарында жашайм. Союз тарагандан кийин чек ара маселеси кыйын болуп калыптыр. Чек арадан өтүп жаткан кезде көп кагаздарды толтурууга туура келди. Мындан сырткары Өзбекстандан күйүүчү май табылбай кыйналдык. Кыргызстанга келип, максатыбызга жеттик деп ойлом. Жубайларыбыз телефон чалып, келүүбүздү өтүнүп жатышат. Алыста жүрүп балдарыбызды да сагындык. Эми Бишкек шаарына, андан кийин Ысык-Көлгө барып, Көчмөндөр оюндарына арналган мотожүрүштү жыйынтыктайбыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×